Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры №53
Карасаев айыл аймагынын АЧЖМФ (Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун келечек планы 2019-2023-жылдар үчүн бекитүү жѳнүндѳ
Карасаев айылдык Кенешинин тѳрагасы Абдышов Ж.А жана жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жер пландоо жана экономикалык шарттарына байланыштуу маалыматын угуп жана талкуулап Карасаев айылдык Кенешинин ХХVII- чакырылышынын 20 сессиясы
Токтом кылат:
1. Карасаев айыл аймагынын АЧЖМФнун (Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу) жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия тарабынан иштетилген келечек планы 2019-2023-жылдар үчүн бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү жагы Карасаев айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Карасаев айылдык Кенешинин тѳрагасына милдеттендирилсин.
БЕКИТЕМИН:________________
Карасаев айылдык кенешинин
төрагасы Ж. А. Абдыш
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЧЖМФ нун КЕЛЕЧЕК ПЛАНЫ
2019-2023-жылдар үчүн
Карасаев айыл өкмөтү
1. БӨЛҮМ. АЧЖМФнун жерлеринин жалпы курамы
Карасаев айыл өкмөтүндө АЧЖМФнун эсебиндежалпы аянт-835 га., анын ичинен сугат айдоо аянт-181га, кайрак айдоо аянт-636га (анын ичинен насос менен сугарылуучу жерлер -6.5га), чөп чабык-18га (анын ичинен 8га суу басып, саз болуп калган жерлер).
2. АЧЖМФнун жерлерин пайдалануу
2018-жылга карата ижара катары пайдаланууда 394.53га жер турат. Анын ичинен сугат айдоо-72,33га; кайрак айдоодон-312,20га; чөп чабыктан- 10га.
2018-жылга карата конкурстук жана түз берүү жолу менен берилген жерлердин ижара акысы;
1) сугат жер үчүн бир га жерге 550сомдон-600сомго чейин (турмушу оор жана 1-2-топтогу майыптарга), 1500сомдон-2500 сомго чейин.
2) кайрак жер үчүн бир га жерге 500 сомдон.
3) чөп чабык жер үчүн бир га жерге 400 сомдон каралган.
Ижара акылары жыл сайын туруктуу жер комиссиясында каралып, айылдык кенештин сессиясында бекитилип турат.
3. АЧЖМФнун эсебинде болуп, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын «14» 12.1992-ж №114 токтомунун негизинде 113га сугат айдоо аянты айылды кенейтүү үчүн жаш үй-бүлөөлөргө огород участогу катары бөлүнүп берилген. Азыркы учурга чейин бул жерлер АЧЖМФнун эсебинде болуп, айылдык конуштун категориясына которула элек.
4. АЧЖМФнун жерлерин пайдаланууга болгон талап
Карасаев айыл өкмөтүндө АЧЖМФнун эсебиндеги жерлерден сугат эсебиндеги жана асылдуулугу жакшы жерлерди алганга туруктуу суроо-талап бар. Ал эми кайрак жана союз убагында насостун күчү менен сугарылган жерлерге туруктуу суроо-талап жок.
Айыл өкмөттө ________ абдан жакыр үй- бүлөөлөр жашайт.АЧЖМФнун эсебинен бир гектарын женилдетилген шарт менен түз сүйлөшүүлөр аркылуу ижарага алууну каалаган атуулдар өтө аз, бул туралуу жыл сайын жер пайдалануучулардын (биринчи кезекте) айрым категорияларынын аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн жана социалдык багыттагы субъекттердин керектөөлөрүн аныктоо каралсын.
Айыл өкмөттө социалдык багыттагы башка субъектилерге жер берүү боюнча «Тасма» үрөнчүлүк фондуна 2017-ж. кайрак жерден женилдетилген ижара акысы менен 7га кайрак жер жана «ФАО» тоют базасын өнүктүрүү жана өз-ара жарандашуу уюмуна 2017-ж 6га сугат жерден 8га кайрак жерден женилдетилген ижара акысы менен жер бөлүнүп берилген.
5. АЧЖМФнун жерлеринин суроо-талабы жок жарым жартылай пайдаланган жана пайдаланылбаган жерлери
1991-жылга чейинки кадастрдык жер инвентар китебине жана контурдук карта боюнча 365га жайыт жерлер ошол убактагы жетекчилердин катачылыгы менен айдоо аянт эсебине катталып, 1991-жылкы контурлук картада жана кадастрдык инвентар китебине айдоо аянт эсебине кирип калган. Бул жерлер экономикалык жактан пайдасыз,эрозияга учураган жана агротехника жүрө албаган рельефи татаал жана мал жеп кетүү коркунучтары бар жерлер. Бул туралуу райондук масштабда ар жыл сайын изилденип ,такталып колдонулбаган себептери аныкталып, акты түзүлүп турат.
11 БОЛУМ. АЧЖМФнун ЖЕРЛЕРИН ПЛАНДОО АЙМАКТАРЫ
1. АЧЖМФнун жерлеринин экономикалык жактан кызыктырган аймагы.
Бул аймактын жалпы аянты 72,33га, бардык аянт сугат жерде жайгашкан. ( контурлары: №498-18.70га; №486-2га; №572-34,38га; №505-1,40га; №705-4.30га; №886-0.50га; №546-1,25га; №605-2га; №1108-0.50га; №454-1,40га жана №539-0.80-га айыл чарба эмес багытындагы жерлерди өздөштүргөн жерлер; №830-0,60га; №916-1.50-га жана №783-2га көп жылдык бактар; №1105-1га. ).
Бул аймактыгы жерлердин ижара мөөнөтүнүн аяктоо убактылары:
___2018-жылдын 1-ноябрына карата 13.90га сугат, 59,50га кайрак жердин мөөнөтү бүтөт.
___2019-жылдын 1-ноябрына карата 21,55га сугат, 10га чөп чабык жердин мөөнөтү бүтөт
___2020-жылдын 1-ноябрына карата 20.60га сугат жердин мөөнөтү бүтөт
___2021-жылдын 1-ноябрына карата 1,08га сугат жердин мөөнөтү бүтөт
___2022-жылдын 1-ноябрына карата 3,5га сугат, 36.90га кайрак жердин мөөнөтү бүтөт
Бул аймакта пландаштырылган иш чаралар:
1. 2019-жылга:
1). Ижара мөөнөтү аяктаган сугат айдоо-13.90га, анын ичинен келишимдин шарттарын аткарбагандыктан бир тараптуу бузулган келишим Контур №705-5га ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечиминин жана КР мыйзамдарына ылайык жер шартына,топурактын асылдуулугуна жараша лотторго бөлүнүп аукцион, конкурс жана түз берүү жагы каралат.
2). Ижара мөөнөтү аяктаган 15га кайрак айдоо аянты жана ижара шарттарын аткарбагандыктан ижара келишими бир тараптуу бузулган Контур№235-40га айдоо жери жер шатына карата эки лотко бөлүнүп аукцион,конкурс жана түз берүү жагы каралат.
3). Жер бошоп калсаже, жерден баш тарткандар болсо, ижара укугун берүү үчүн КРмыйзамдарына ылайык аукцион, конкурс жана түз берүү жагы каралат.
2.2020-жылга:
1). Ижара мөөнөтү аяктаган сугат айдоо-21,55га, 10-га чөп чабык ижарага берүү боюнча КР мыйзамдарына ылайык аукцион, конкурс өткорүлүп, түз берүү жагы каралат.
2). ). Жер бошоп калсаже, жерден баш тарткандар болсо, ижара укугун берүү үчүн КРмыйзамдарына ылайык аукцион, конкурс жана түз берүү жагы каралат.
3.2021-жылга:
1). Ижара мөөнөтү аяктаган сугат айдоо-20,60га жер шартына жана жайгашкан контурларына ылайык лотторго бөлүнүп, КР мыйзамдарына ылайык аукцион, өткөрүлүп, түз берүү жагы туруктуу комиссияда каралат.
2 ). Жер бошоп калсаже, жерден баш тарткандар болсо, ижара укугун берүү үчүн КРмыйзамдарына ылайык аукцион, конкурс жана түз берүү жагы каралат.
4.2022-жылга:
1). Ижара мөөнөтү аяктаган сугат айдооаянты-1,08га жер шартына жана жайгашкан контуруна ылайык лотторго бөлүнүп, бул жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион, конкурс өткөрүлөт.
2). Жер бошоп калсаже, жерден баш тарткандар болсо, ижара укугун берүү үчүн КРмыйзамдарына ылайык аукцион, конкурс жана түз берүү жагы каралат.
5.2023-жылга:
1) Ижара келишими аяктаган 3.50га сугат айдоо аянты жер шартына жана жайгашкан контуруна ылайык лотторго бөлүнүп, ижарага берүү боюнча аукцион, конкурс өткөрүлүп, туруктуу комиссиянын протоколдук чечимине жана КР мыйзамдарына ылайык жакыр үй-бүлөөлөргө түз берүү жагы каралат.
2). Жер бошоп калсаже, жерден баш тарткандар болсо, ижара укугун берүү үчүн КРмыйзамдарына ылайык аукцион, конкурс жана түз берүү жагы каралат.
2.АЧЖМФнун жерлерин жакшыртуу үчүн инвестицияны талап кылган жерлеринин аймагы
Бул аймактын жалпы аянты-365га. Азыркы учурда бул аймактагы жерлердин басымдуу бөлүгү пайдаланылбай турат.
1) 2019 - 2023-жылдарга бул жерлерди суроо-талап болуп калса инвестициялык түз берүү жагы көп жылдык мөөнөткө женилдетилген шартта ижара укугун берүү боюнча түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн.
2). Колдонулбай келген жана жарым жартылай колдонулган жерлердин себептерин көрсөткөн контурлук рээстри кошо тиркелсин.
3) КР мыйзамдарына ижара келишимине ылайык АЧЖМФнун жерлерин асылдуулугуна жана келишимде көрсөтүлгөн бардык шарттарды сактоого ар дайым көзөмөл жүргүзүлүүсүнө ижара берүүчү жана ижара алуучу тарап мыйзам алдында бирдей жооп берүүгө милдеттүү
Түзүлгөн келечек план туруктуу комиссияда талкууланып, жактырылган сон айылдык кенештин сессиясында бекитилсин.
Туруктуу комиссия 2019-2023-жылдары ушул келечек план боюнча иш алып барсылсын.
Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтү 2019-ж. 17-январь. Тасма айылы.
Келечек план агрардык маселелер боюнча түзүлгөн туруктуу комиссияда талкууланып, кезектеги сессияга бекитүүгө жөнөтүлдү:
____________________________Туруктуу комиссиянын төрагасы Иманбетов М.Ш.
Катчы :______________________Ногоева Г.Т.
Мүчөлөрү:
1. Кайыков К.Ж._______________________
2. Усенов Н.Т._________________________
3. Асанбаев К.К._______________________
4. Молдобаев И.Э._____________________
5. Молдогазиев Н.А.___________________
6. Жортучиев У.А._____________________
7. Түп райондук агрардык өнүктүрүү башкармачылыгынан (макулдашуу менен)
Калысов Ж.К.______________________
8. Исаева А.__________________________
9. Дюшебаев Э.А._____________________
Төрага | Ж.А. Абдышов |
|