Загрузка документа…
АК-БУЛУН АЫЙЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры №31
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялардын курамын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 14- апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳ кодексин ,Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин,Кыргыз Республикасынын Жазык- аткаруу кодексин,Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексин, « Пробация жѳнүндѳ», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында Ак-Булун айылдык кенеши токтом кылат;
1. Ак-Булун айыл аймагы боюнча бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы 5 кишиден түзүлсүн.
Байсынов Бейшемби-аксакалдар сотунун тѳрагасы–комиссиянын тѳрагасы
Комиссиянын мүчөлөрү
Абакирова Махабат-айыл ѳкмѳтүнүн башкы адиси- комиссиянын жоопту катчысы
Кокпаев Эрнист–жергиликтүү кенештин депутаты
Давыдова Оксана-аялдар кенешинин төрайымы
Турганбаев Ысый-ардагерлер кенешинин мүчөсү
Төрага | Б.Э. Демесинов |
|