Загрузка документа…
АК-БУЛУН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 28
Ак-Булан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 26- беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Ак-Булун айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 31- беренесине таянып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булун айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Булун айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ак-Булун айылдык Кенешинин тѳрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Э.Демесинов |
|