Загрузка документа…
КАЖЫ-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-декабры №39
Кажы-Сай айыл Өкмөтүнүн башчысы П.А.Кутуев 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү “Бузуулар боюнча” кодекси жана бул кодекске ылайык айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү тууралуу типтүү Жобосун жана комиссиянын курамын бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Кажы-Сай айыл аймагынын айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1.Кажы-Сай аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия түзүү тууралуу типтүү Жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кажы-Сай аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиянын курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кажы-Сай айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ишин көзөмөлдөө жагы Кажы –Сай айыл аймагынын айыл өкмөтунө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун чыгарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кажы-Сай айыл аймагынын Кеӊешине жүктөлсүн.
Төрага
Жооптуу катчы | Р.К. Өмүров
Т.Д. Дуйшенбиева |
|