Загрузка документа…
САНТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры №23
Санташ айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектүү 18-сессиясы
Санташ айыл аймагында «Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Жобону бекитүү жана курамын курамын түзүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ Кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳ Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу Кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ Кодексин, «Пробация жѳнүндѳ», «Мунапыз берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жѳнүндѳ жобонун 6-пунктунун «б» пункчасынын экинчи абзацтарынын ылайык Санташ айылдык кеңешинин тѳрагасы Кудайберген уулу Азимбектин типтүү жобо боюнча сѳзүн угуп жана талкуулап Санташ айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 18-сессиясы токтом кылат:
1. Санташ айыл аймагында Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жобонун негизинде Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиясы 11 (он бир) адамдан түзүлсүн. (комиссиянын курамы тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл аймак башчы О. Н. Джапаровго милдеттендирилсин.
Санташ айылдык Кеңешинин
XXVII-чакырылышынын 17.12.2018-ж
18-сессиясынын № 23 токтомуна
№ 1 тиркеме
Санташ айыл аймагында Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссия курамы түзүлсүн:
1. Жакшылыкова А. Н. – Комиссиянын тѳрайымы, жооптуу катчы
2. Байсеитов Р. А. – Тѳрайымдын орун басары, мал чарбасы жана ветеринария боюнча башкы адис.
3. Досумбеков Б. Ж. – Катчысы, жер жана коммуналдык менчик боюнча башкы адис.
4. Ташиев А. Ш. – ФЭБ башчысы, мүчѳсү.
5. Кенжебаева Р. А. – Социалдык коргоо бѳлүмүнүн жетектѳѳчү адиси, мүчѳсү
6. Тагаева Ж. Ш- Социалдык кызматкер, мүчѳсү
7. Абитова Г. Т. – статист, мүчѳсү
8. Абдиева С. К. – “Адамзат ден-соолугу”. (макулдашуу боюнча), мүчѳсү
9. Акматбеков Р. С. – ВУС, мүчѳсү
10. Кудайберген уулу Азимбек- Айылдык кеңештин тѳрагасы, мүчѳсү
11. Черикбаев Р. Т. -Жайыт комитетинин тѳрагасы, мүчѳсү
Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл
облусунун Түп районуна караштуу
Санташ айылдык Кеңешинин
«___»_________2018-жылдын №23
токтому менен бекитилди
Санташ айыл аймагынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1.Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ Кодексинде (мындын ары-Кодекс) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү Кеңеш тарабынан түзүлѳт жана туруктуу иштѳѳчү коллегииалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жѳнүндѳ жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия ѳз ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ Кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия Кодексте каралган бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү Кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес ѳткѳн календарлык жылда аткарган ѳз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлѳт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтоолугунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын тѳрагасынын, орун басарынын, катчысынын жана мүчѳлѳрүнүн курамында түзүлѳт.
9. Жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына тѳмѳндѳгүлѳр киришет:
-жергиликтүү кенештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-шаардын,айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрү (макулдашуу боюнча)
Комиссиянын тѳрагасы комиссиянын мѳчѳлѳрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчүсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн 21жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчѳсү боло алат.
12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн:
-соттун чечими менен аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган , мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиясынын мучѳсүнүн ыйгарым укуктуу аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчѳсү боло албайт.
13. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтуу Кенеш Комиссияны түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алган күндѳн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
14. Комиссиянын мүчѳлүрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчѳсү ѳз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндү арыз берген учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
-Комиссиянын мүчѳсүнѳ карата соттун айыптоочу ѳкүм күчүнѳ киргенде;
-күчүнѳ кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же ѳлгѳн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчѳсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мѳчѳсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
-Комиссиянын мүчѳсү ѳлгѳндѳ;
-Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-жергиликтүү Кеңештин депутат катары ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтү аяктаганда;
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан ѳз ѳкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат;
15. Комиссиянын жаны мүчѳсү Комиссиянын мурдагы мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндѳн кеч эмес бекитилет.
16. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия ѳз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү Кенештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
17. Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укутары токтотулгандан 5 календарлык күндѳн кеч эмес түзүлѳт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
18. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
19. Комиссия бузуулар жѳнүндѳ иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнѳ карата) ѳткѳрүлѳт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жѳнүндѳ иштерин кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мѳѳнѳттѳрүн сактоо камсыз кылынандай болууга тийиш.
20. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн үчтѳн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн жарымынан кѳбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
21. Бузуулар жѳнүндѳ ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкѳндѳн баштап он күндүк мѳѳнѳттѳ, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
22. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары ѳз чечимдери менен бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндѳ чыгарат.
24. Комиссия бузуу жѳнүндѳ ишти карап чыгып:
А) тѳмѳндѳгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жѳнүндѳ;
2) туумду кошуп эсептѳѳ жѳнүндѳ (Кодекстин 29-беренеси);
3) иш боюнча ѳндүрүштү кыскартуу жѳнүндѳ;
Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыктаган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча ѳткѳрп берүү жѳнүндѳ аныктама чыгарат.
25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жѳнүндѳ токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзүүгѳ ашырылат.
4.Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн укуктары жана милдеттери
26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасы уюштурат.
27. Бузуу жѳнүндѳ иштерди кароодо Комиссиянын мүчѳлѳрү бирдей укукка ээ.
28. Комиссиянын мүчѳлѳрү:
Тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу иштери жѳнүндѳ иштердин материалдары менен таанышууга;
- бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча иликтѳѳгѳ жана далилдерге баа берүүгѳ катышууга ;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгѳ катышууга ;
-жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга
-Тѳмѳндѳгүлѳргѳ укуктуу;
-бузуу жѳнүндѳ иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгү;
-бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгѳ;
-Кодексте каралган башка укуктарга,
29. Комиссиянын тѳрагасы, Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттеринен сырткары, тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектѳѳ;
-Комиссиянын отурумдарында тѳрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамалрга жана топтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү.
Комиссиянын тѳрагасы, Комиссиянын мүчѳсүнүн укуктарынан сырткары , тѳмѳнкүдѳй укуктарга ээ:
-ѳз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жараандар менен болгон мамиледе Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгѳ;
-Комисиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгѳ;
- ушул Жобого жана Кодексге ылайык башка укуктарга.
30. Комиссиянын тѳрагасынын орун басары Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын тѳрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул ЖОБОГО жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчѳсүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди Комиссиянын кароосунда даярдоону уюштурат ;
-ѳз ишмердүүлщгүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшытмаларын аткарат;
-келип түшкѳн материалдарды, билдирүүлѳрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин кѳрсѳткѳн, массалык маалымат каражаттарында ( анын ичинде Интернетте ) жарыяланган кабарларда кабал алат жана каттайт;
- бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду, комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобоонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздѳѳнү камсыз кылат;
Комиссиянын мүчѳлѳрүн,бузуулар жѳнүндѳ ѳндүрүшкѳ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароону убактысы жана орду тууралуу кабарландырат аларды комиссиянын кароосунда киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат ;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзѳт жана тариздейт, аларга кол коет ;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго ) кол коет ;
- аныктамалардын жана токтомдордун кѳчүрмүлѳрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ тапшырууну же жеткирүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат , аларды кароону уюштурат ;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалды жана токтомдордун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт ;
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
- бузуулар жѳнѳндѳ иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт,
Комиссиянын ишмердүүлүгѳн жѳнгѳ салуучу ченемдик укуктун актыларды ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчетуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзѳт ;
-Кодекске жана ушул Жобоого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын мидеттерин комиссиянын тѳрагасынын тапшыруучусу боюнча комиссиянын мүчѳлѳрүн бири аткарып турат .
32. Эгерде Комиссиянын мүчѳлѳрү :
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жабырлануучунун анан мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн коргоочусунун ѳкүлүн адвокатынын ошондой эл кубѳѳсүнүн эксперттин адистин котормочнун туугандары болушса ;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрүндѳ кызыктар болушса,
Алардын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
33. Иш кагаздарын жүргүзүүгѳ жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилике тартат.
34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын ѳз убагында жана аны так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы таратат.
35. Бузуулар жѳнүндѳ иш ѳндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл докуменнтерди жѳнѳтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлѳт.
36. Бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча кабарламент ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндѳн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме)
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, коммисиянын жоопту катчысы ошол замат тапшырылбай калганы билинбеген учурда, Комиссия жоопту катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого бул тууралуу комиссиянын тѳрагасына билдирүүгѳ анын кѳрсѳтмѳсү боюнча кабарламанын ѳз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды кѳрүүгѳ милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларын айырма болууго ишке тигилет .
37. Бузуу жасалган жерде айып пул ѳндүргѳн учурда айып пулду тѳлѳѳ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлѳт ал эми тѳлѳѳнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдѳгү атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчѳгүн (квитанциясын ) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тѳлѳѳгѳ макулдугун билдирип айып пул дүмүрчѳгүнүн биринчи нускасына кол коет экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жѳнүндѳ иштерди түзүүнү аларды тѳмѳндѳгүдѳй хроногиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкѳн иретинде жайгаштырылган баардык документтер.
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу ;
- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Баардык документтер кѳктѳмѳгѳ алардын тексти кѳрүнүп тургандай болуп кѳктѳлѳт.
39. Комиссия тарабынан каралган баардык иштер эсепке алынууга жатат . Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкѳн жылды кымтыйт.
40. Бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жѳнүндѳ каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүнѳ канчалык райондук (шаардык) бѳлүмү менен салыштырып текшерип турат .
42. Комиссия тѳмѳнкүдѳй эсеп журналдарды жүргүзѳ алат :
-бузуулар боюнча иштерди эсепке алуу
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкечиликке тартып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
43. Журналдардын барактары номурланган кѳктѳлгѳн. Мѳѳр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналын дагы баардык жазуулар окуй алгыдай даана кѳк же сыя кѳк түстѳгү сыя менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мѳѳнѳтү 3 жыл. Бузуулар жѳнүндѳ иштерди сактоо мѳѳнѳтү 5 жыл. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт аяктаганда алар тизме боюнча архивге тапшырылат.
Төрага | Кудайберген у. А. |
|