Загрузка документа…
КЕРЕГЕ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-сентябры №1
Кыргыз Республикасынын "Салык Кодексинин" 339-беренесинин 4-бөлүмүн ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Салык Кодексинин" 339-беренесинин 4-бөлүмүн ишке ашыруу максатында Кереге-Таш айыл аймагында экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналдык коэффициенттерди бекитүү жөнүндө Кереге-Таш айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы токтом кылат:
1. Кереге-Таш айыл аймагында айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналдык коэффициент Кз-1,2 өлчөмүндө бекитилсин;
2. Кереге-Таш айыл аймагында үй жанындагы, короо-жай жана багбанчылык багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчун экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналдык коэффициент Кз-1,0 өлчөмүндө бекитилсин;
3. Жер салыктарын эсептөө Кыргыз Республикасынын "Салык Кодексинин" негизинде жүргүзүлсүн;
4. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыяланып юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлсүн;
5. Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет;
6. Токтомдун аткарылышынын камсыздо Кереге-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Жумашовго тапшырылсын;
Төраганын орун басары | М. Корчиев |
|