Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-марты №11
Ырдык айыл өкмөтүндө коомдук алдын-алуу борборунун Уставын бекитуу жөнүндө
Ырдык айыл окмотундо коомдук алдын-алуу борборунун Уставын талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Коомдук алдын-алуу борборунун Уставы бекитилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу Жергиликтүү оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Коомдук алдын-алуу борборунун Уставын Ысык-Кол областык башкармалыгынан каттоодон откорууну айыл окмотунун юристи Т.М.Маратовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоону айыл окмотунун башчысы А.Ш.Дыйканбаевге тапшырылсын.
Ырдык айыл аймагынын
айылдык кенешинин
XXVII чакырылыштын
___кезексиз сессиясында
_________№___токтому
менен бекитилди.
Торага: А.К.Арыков
Коомдук алдын алуу борбору жонундо Уставы
I. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) –Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана ушул уставы менен бекитилген, ыйгарым укуктардын алкагында укук бузуулардын алдын алууда жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирге катышуусу максатында жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
2. КААБ укук тартибин коргоонун коомдук пунктунда же шаарлардын, райондордун жана калктуу пункттардын аймагында милициянын участкалык инспекторунун кабинетинин базасынын алдында уюштурулат, жана кылмыштуулук менен курошуу жана коомдук укук тартипти коргоо боюнча жарандардын, коомчулуктун окулдорунун катышуусунун бир түрү болуп саналат.
3. Ырдык айыл окмоту озунун аймагында укук бузуулардын алдын алууга жалпы жетекчиликти жана анын субъектилери менен аймактык (КААБ) тузуу жолу менен жузого ашырат.
4. КААБ озунун ишмердуулугун “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жонундо” мыйзамы менен, ушул Устав менен жана укук бузуулардын алдын-алуу чойросундогу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте кучуно кирген эл аралык келишимдер менен ылайык жузого ашырат.
5. КААБ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин суроту тушурулгон моору жана мамлекеттик жана расмий тилдерде озунун аталышы корсотулгон бурч моору бар, оз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
6. КААБ мамлекеттик жана жеке уюмдар менен, жеке жактар менен келишимдик мамилелерге турууга, КААБ ишмердуулугунун максаттарына ылайык келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жасоого укуктуу.
7. КААБ ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо, мамлекеттик органдар, эмгек коллективдери жана калк менен оз ара аракеттешүү принциптеринде тузулот. КААБ базалык ишканалардын, алардын жайгашуу орду боюнча окуу жайларынын жетекчилеринин арасынан, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, эмгектин жана согуштун ардагерлеринен, кварталдык, үй комитеттеринин торагаларынан, кондоминиумдардан, айрым жарандардан, укук тартибин коргоо жана кылмыштуулук менен курошуу боюнча коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарганга ден соолугунун абалы жана озунун моралдык иштиктүү сапаттары боюнча жондомдуу жаштардан жана студенттерден турушу зарыл. КААБнун ишине милициянын участкалык инспекторлору жана буйрук менен бекитилген ички иштер органдарынын башка кызматкерлери туздон-туз катышат.
8. КААБдын иши КААБ кеңешинин отурумдарында бекитилген, ар бир кварталга тузулгон пландар менен ылайык откорулот. КААБ кеңешинин отуруму кварталга бир жолудан кем эмес откорулот жана протокол менен таризделет.
9.КААБ озунун ишинде облустук, шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын жана оз алдынча башкаруу органдарынын алдында тузулгон координациялык кеңешменин контролу алдында жана алардын алдында жылына бир жолудан кем эмес жургузулгон иш жонундо отчёт берип турат.
10. КААБ озунун отурумдарында, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен курошуу, ошондой эле КААБдын ишин зарыл болгон шарттар менен камсыз кылуу маселелери боюнча озулору тейлеген участкаларда жайгашкан мекемелердин, ишканалардын жана комерциялык тузумдордун жетекчилерин уга алат.
II. КААБдын негизги милдеттери
11. Озунун ишинде КААБ томонкудой милдеттерди аткарат:
- озу тейлеген аймакта кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын абалын талдайт, укук бузууларды жасоого туртку берген шарттарды жана себептерди табат жана мунун негизинде алардын алдын алуу жана жок кылуу боюнча иш чараларды жузого ашырат;
- кылмыштуулук менен курошуунун актуалдуу маселелери боюнча басма барактарында, радио жана телекорсотуулорундо чыгып суйлоолорду уюштурушат, укук билимдерин пропагандалоону, ченемдик документтерди тушундуруу боюнча ишти участоктун калкынын арасында откорот;
- бардык табылган укук бузуу фактылары жонундо ички иштер болумдоруно (мындан ары – ИИБ) же милициянын участкалык инспекторлоруна маалымдайт (мындан ары – МУИ) жана милиция кызматкерлеринин келишине чейин ушул Устав менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык зарыл болгон чараларды кабыл алышат;
- милиция кызматкерлери менен биргеликте селсаяктык жана тилемчилик менен алек болгон кароосуз балдардын жана оспурумдордун, спирт ичимдиктерине ашкере берилген, укук бузууларга жол берген адамдардын коомдук жайларда жана күнүмдүк турмушундагы журум-туруму үчүн козомол кылууну жана ачыкка чыгарууну уюштурат, аларды белгиленген тартипте тиешелуу мекемелерге жонотуу жонундо компетенттүү органдарга сунуштоолорду чыгарат;
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулгандарга, коомдук тартипти камсыздоо боюнча ишти жузого ашырган, ички иштер органдарынын болумдорундо, милициянын айылдык болумундо, милициянын шаардык болумундо алдын-алуучулук каттоосунда турган адамдар менен алдын алуу иштерин жургузот. Аларга жумушка орношууда комок корсотот, алар тараптан кылмышты кайталап жасоого жол бербоо максатында башка чараларды кабыл алышат,
- коомго каршы жоруктарды жасаган оспурумдордон жана алардын ата-энелеринин жана коомдук тартипти бузгандарды жоопкерчиликке тартуу жонундо балдар иштери боюнча комиссияга сунуштарды киргизет;
- жарандарды кабыл алуу жана күндүн кечки маалында, тейлеген административдик аймакта кайгуулдоо боюнча кезметчиликти уюштурат.
III. КААБдын ыйгарым укуктары
12. Озунун иштеринде КААБ томонкудой ыйгарым укуктарга ээ:
- озунун отурумдарында укук бузуучулардын катышуусун камсыздайт, участкада коомдук тартипти камсыздоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук тартипти бузган, мекемелердин, ишканалардын жана окуу жайларынын окулдорунун, жана алардын уй-було мучолорун чакырууга;
- мекемеге, ишканага же жаранга мүлктүк же башка зыян келтирген же коомдук тартипти кыянаттык менен бузган, адамдарга тиешелүү документтерди тузууго, аларды андан ары ИИБке же башка инстанцияларга тиешелуу чаараларды кабыл алуу учун откоруп берууго ыйгарым укуктуу;
- КААБ мучолору кезметчилик убагында жашынып жургон бузуучунун артынан тушуу учун клубдарга, стадиондорго жана кинотеатрларга жана башка коомдук жайларга, ошондой эле укук тартибин камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга бул жайлардын администрациясы менен макулдашуу учун кирууго укуктуу;
- жарандардын нормалдуу жашоо тиричилигин уюштуруунун башка маселелери боюнча, коммуналдык-турак жай мекемелеринин ишиндеги кемчиликтер жонундо жана мамлекеттик жана коомдук мулкту сактоону камсыздоо менен байланышкан маселелер боюнча тиешелуу инстанцияларга сунуштарды же сунуштамаларды киргизууго;
- укук тартибин бекемдоо боюнча иш-чараларды откорууго тейлеген аймакта жайгашкан ишканалардын жана мекемелердин, башка коомдук уюмдардын окулдорунун тартууга.
IV. Коомдук алдын алуу борбору менен каралган маселелер, түзүмү жана жетектоочу органдары
13. Укук тартибин сактоо боюнча коомчулук кеңеши, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен тузулот.
14. Коомчулук кеңешинин курамына уюмдардын, мекемелердин, коомдук бирикмелердин жана окуу жайларынын жетекчилери, шаардык жана райондук кеңештин депутаттары, кондоминиумдун, балдар иштери боюнча комиссиялардын окулдору кириши мумкун.
15. Коомдук кеңештин курамы шаардык же райондук кеңештин чечими менен бекитилет.
16. Райондун коомдук кеңешин, жергиликтуу мамлекеттик администрациясынын башчысы менен дайындалган коомдук кеңештин торагасы башкарат. Анын орун басары болуп кызматы боюнча ички иштер болумунун начальнигинин орун басары саналат.
17. КААБ алдында секциялар тузулот:
МУИ, жол кайгуул кызматы, коомдук инспекторлор, ошондой эле кочолордо жана башка коомдук жайларда дислокацияга ылайык коомдук тартипти камсыздоо боюнча ИИБдин башка сырткы кызматтары менен биргеликте коомдук тартипти сактоо боюнча секциялар;
- тейлеген участкада каттоодо турган адамдар менен жеке алдын алуу иштери маселелери боюнча МУИ жана ЖЖИ менен биргеликте иштеген, каттоодо турган адамдар менен иштоо боюнча секциясы;
- участканын калкынын арасында ченемдик документтерди тушундуруу маселелери боюнча участкада ишти уюштуруп турган, ошондой эле кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого туртку кылган шарттарды жана себептерди жоюу жана аткаруу боюнча калк менен байланышуу жана жалпы алдын алуу секциясы, кылмыштуулук менен курошуунун актуалдуу маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып суйлоолорду уюштурат.
18. КААБ жана алардын секциялары менен каралган маселелер тиешелуу мекемелер, уюмдар, мамлекеттик органдардын жетекчилери, окуу жайлары жана жарандар тарабынан кароо үчүн милдеттуу болуп саналган чечим менен таризделет.
19. КААБ торагасы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын буйругу менен дайындалат. Ал эми секциялардын мучолору жана жетекчилери - тейленген участканын КААБ коомчулугунун окулдорунун жалпы чогулушунда.
20. Жалпы жетектоо координациялык кеңешме аркылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы менен жузоого ашырылат.
21. КААБ мучолору милдеттерин аткарууда, мамлекеттин коргоосунун алдында турат. КААБ мучолорунун кол тийбестиги, абийири жана абройу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот.
22. ИИБ КААБдын бир айлык ишинин эсебин жургузот, алардын ишмердуулугун контролдойт, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен байланышты кармайт, алардын ишмердуулугу жонундо жергиликтуу мамлекеттик администрацияны жана координациялык кеңешмени кабарлайт.
V. Каржы жана чарба иши
23. КААБ иши томонку булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджет;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу тогумдору;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдар;
- акылуу жана кайтарымдуу карыз алуулардын бардык түрүн тартууну кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.
24. Жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти, анын ичинде укук бузуулардын алдын алууга сактоого комоктошуу айрым маселелерди аткарууну откоруп берууго укуктуу, берилген маселелерди аткаруунун аныктоо жана каражаттарды берүү каржылоонун булактарын бир убакта аныктоо менен КААБ. Укук бузуулардын алдын алуу маселелерин беруу, аныктоо жана берууну каржылоо тиешелуу жергиликтуу кеңештин макулдугу менен жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен кабыл алынат.
VI. КААБ мулку
25. КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер кыймылдуу жана кыймылсыз мулкту кошпогондо, мыйзам менен белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна откорулууго жатат.
VII. Кайра уюштуруу жана жоюу
26. КААБ ишмердуулугун жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси менен ылайык жузого ашырылат.
Төрага | А.К. Арыков |
|