Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну №55\14-27
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укук актылары боюнча мыйзамынын 17 –беренесине ылайык жана контурдун туура эмес көрсөтүлгөндүгүнүн негизинде Бирдик айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Бирдик айылдык кенешинин 2019-жылдын 20-февралындагы № 60-25-4 “Айыл чарба жерлериндеги кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, жер –кыштактарга которуу” токтомунун 1,3 пунтктарына өзгөртүү киргизилсин:
1,3- пункттарында техникалык ката кетирилгендигине байланыштуу 158 контурдун ордуна 153 контур көрсөтүлгөн.
1- пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “ Жер тилкесин бөлүүгө айыл чарба багытындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жер –кыштактарга которууга уруксаат берилсин.
3- пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:158 контур боюнча 8 адамдан турган куруучулардын тизмеси бекитилсин(тизме тиркелди).
2. Бул токтомдун аткарылышы Бирдик айылдык кеңешинин жер суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төр агасы А.Абдрахмановго жүктөлсүн.
Төрага | Щ.Мусахунов |
|