Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры №28
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кызыл-Туу айылдык Кеңеши талкуулап чыгып, Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмамбетов Замирбек Оморбековичке жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.Kyzyl-tuu.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Н. Намасалиев |
|