Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-октябры № 119/XVIII-27
“Түрткү берүүчү грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен чыгарылуучу өз каражаттарды бекитүү жөнүндө”
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын “Түрткү берүүчү грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен чыгарылуучу өз каражаттарды бекитүү жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулаган соң, төмөнкүдөй пикир ырасталды: түрткү берүүчү грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттеги өз каражаттардан биз жазылган гранттын жалпы суммасынын пайыздык катнашы боюнча 20% кошумчаны бекитүүбүз зарыл. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине түрткү берүүчү грантка карата биз тараптан:
Долбоор 1. “Буденовка айылынын «Нур-Наристе» бала бакчасынын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү”;
Долбоор 2. Кочкорбаев айыл өкмөтүндө “Жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү – көчөлөрдү асфальттоо” сунушталат.
Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттен түрткү берүүчү гранттын жалпы баасынан 20% пайызга туура келген кошумча бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл Кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |
|