Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-октябры №123/XVIII-27
Кредиттик ассигнованиелерди бош калдык каражаттын эсебинен жылдыруу жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын “Кредиттик ассигнованиелерди бош калдык каражаттын эсебинен жылдыруу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулаган сон, кредиттик ассигнованиелер атайын эсептен 336,5 миң (үч жүз отуз алты миң беш жүз) сом Буденовка орто мектебине идиш-аяк сатып алууга, Буденовка, Д. Курманалиев атындагы айыл жолдорун грейдирлөөгө жана гравийлөөгө жумшалсын деп Кочкорбаев айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бош калдык каражаттын эсебинен кредиттик ассигнованиелер атайын эсептен 336,5 миң (үч жүз отуз алты миң беш жүз) сом идиш-аяк сатып алууга, Буденовка, Д. Курманалиев атындагы айыл жолдорун грейдирлөө жана гравийлөөгө жумшалсын
Бөлүм: Турмуш-тиричилик чарбасы IV кв
2221-берене + 200,0 миң сом
Бөлүм: Билим берүү
2222-берене + 136,5 миң сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл Кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |
|