Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019–жылдын 03-октябры №127/XVIII-27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата социалдык- экономикалык өнүгүү программасын жана ишке ашыруу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 3-п жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын Кочкорбаев айыл аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана ишке ашыруу планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык программасы бекитилсин.
2. Кочкорбаев айыл аймагынын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу планы бекитилсин.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Кочкорбаев айыл аймагынын WEB-сайтына жалпыга маалымдоо максаттында жарыялансын. Бул токтом тиркемеси менен расмий жарыяланган соң, Чүй областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |
|