Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-октябры №128/XVIII-27
Буденновка айылынын тургуну Б. Турпанбекованын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын баяндамасы боюнча Буденновка айылынын тургуну Турпанбекова Бүбүйранын небереси Нарынбек уулу Султанды жогорку окуу жайга окуу үчүн окуу акысын төлөп берүү үчүн кайрылуу жазгандыгын угуп жана талкуулап, Турпанбекова Бүбүйранын үй бүлөсүнүн турмуш шарты ортодон жогору болгондугуна байланыштуу, Кочкорбаев айылдык Кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагынын тургуну Турпанбекова Бүбүйранын небереси Нарынбек улу Султандын жогорку окуу жайына окуу акысына жергиликтүү бюджеттен төлөп берүүдөн баш тартылсын.
2. Арыз ээсине жооп бул токтом менен тааныштыруу каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.
Төрага | А. Албекенов |
|