Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-октябры №129/ХVIII-27
«Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) ортосундагы кызматташтык келишимин бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кочкорбаев айыл өкмөтү менен "Айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишимди бекитүү талап болуп жаткандыгы жана бул долбоор менен иштешсек айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууга жакшы шарт түзүлөөрүн тургандыгы тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши.
Токтом кылат:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтү менен "Айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" долбоору алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) ортосундагы кызматташтык келишими бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Кочкорбаев айыл башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилет.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |
|