Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-октябры №130/ ХVIII -27
Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ысык-Ата райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ысык-Ата райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ортосундагы социалдык суроолор боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамына таянып, Кочкорбаев айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ысык-Ата райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ортосундагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүү боюнча келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |
|