Загрузка документа…
ТАЛДЫ СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 60
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айылдык Кенешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Кебекбаев |
|