Редакцияот 02.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кеңешинин кезектеги (VI-шайланган) он тогузунчу сессиясынын жыйналышы

 

2019-жылдын 02-октябры №19/1

Кара-Гуз айыл өкмөтүндө тогуз айдын жыйынтыгы менен аткарылган иштерге чыгымдоолордун отчетун алуу жөнүндө

Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.Кара-Гуз айыл өкмөтүнө тогуз айдын жыйынтыгы менен аткарылган иштер боюнча ФЭБ башчы Б.Абдыракмановдун жүргүзгөн иштери боюнча айрым кемчиликтерин эске алуу менен жүргүзгөн иш аракеттерин канааттандыраарлык деп табылсын .

2.Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Абдыракмановго баардык каржылык иштерди максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо, комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айылдык өкмөтүнүн Вет адиси К.Апазовго тапшырылсын.

 

Депутаттардын Кара-Гуз айылдык

Кенешинин төрагасы

 

С.Оморов