Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-октябры №19/2
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында мал жандыктарды эмдөө иштеринин жүрүшү Вет адиси К.Апазовдун ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Вет адиси Апазов Каримдин мал жандыктарды эмдөөдө айрым кемчиликтерин эске алуу менен жүргүзгөн иш аракеттерин канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн аймагында жугушту ооруларга каршы мал жандыктарды эмдөө ишин өз убагында аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн Вет адиси Апазов Каримга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо, комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айылдык өкмөтүнүн Вет адиси К.Апазовго тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кеңешинин төрагасы |
С.Оморов |
|