Загрузка документа…
КАРАГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-октябры №19/5
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылына ФАП курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” Жарлыгынын алкагында Жетим-Дөбө айылына ФАП куруу үчүн Кара-Гуз айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жетим-Дөбө айылындагы мектептин жанынан жаңыдан ФАП куруу үчүн 1000 метр кв жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кенешинин агрардык .азык-тулук ,айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу,жер жана жер ресурстары.экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамишовго тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Гуз айылдык Кеңешинин төрагасы |
С.Осмонов |
|