Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №11/1
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата каралып экономдолуп калган ашкан калдык акчаларды бөлуштүрүп, бекитип берүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана 2018-жылдан калган калдык акчаны бөлүп, бекитүү маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2018-жылда 22 715,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 18 553,3 миң сомго, киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 4 162,1 миң сомго башкача айтканда бюджет 3 984,0 миң сом, атайын эсеп 178,1 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылды деп кабыл алынсын.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 4 162,1 миң сом өлчөмүндөгү калдык кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. 2019-жылдын бюджетин аткарууда жыл ичинде бюджетке өзгөртүүлөр киргизүү укугу финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|