Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №11/2
Ак-Таш айыл аймагындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Ак-Таш айыл аймагындагы аты жок көчөлөргө ат коюу максатында айыл аймакта жашаган тургундардын чогулуштарынын протоколдорунун негизинде Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы аты жок төрт көчөгө Ак-Таш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде төмөндөгүдөй аттар койулсун: 1-көчө Жумабаева Курбанбү, 2-көчө Тешебаев Садир, 3-көчө Маматалиева Кайры, 4-көчө Биримдик көчөсү деп аталсын.
2. Ак-Таш айыл аймагынын Барак айылынан Сары-Колот зоонасындагы Беш-Үй участкасына көчүп чыккан тургундардын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде аты жок үч көчөгө төмөндөгүдөй аттар коюулсун: 1-көчө Мусабеков Дөөлөтбай, 2-көчө Достук, 3-көчө Ынтымак көчөсү деп аталсын.
3. Жаңы ат койулган көчөлөрдү Ак-Таш айыл аймагынын картасына киргизүү жана белгилөө иштери Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|