Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №11/3
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндөгү ” №01-18\126 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндөгү ” №01-18\126 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы төмөндөгүдөй курамда өзгөртүлүп түзүлсүн:
- Б.Жолдошов – Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты, комиссия төрагасы;
- Н.Кантөрөев – Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты, комиссия төрагасынын орун басары;
- Х.Таирова –Ак-Таш айыл өкмөтүнүн юристи, комиссиянын жооптуу катчысы;
Комиссия мүчөлөрү :
- Б.Амирбаев – Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты;
- М.Турсунбаев – Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча башкы адиси;
- А.Тажибаев – Жылкелди айылынын айыл башчысы;
- М.Бакиев – Ак-Таш айылынын айыл башчысы;
- Б.Аширов – Барак айылынын айыл башчысы;
- М.Орунбаев – – Ак-Таш айыл өкмөтүнүн салык боюнча адиси;
- Т.Дуйшеев – “Кумарыкбек” СПАсынын башчысы;
- И.Маматалиева – “Ак-Таш таза суу” ИСКАБнын жетекчиси.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|