Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №11/4
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн балансында турган кызматтык жеңил авто унаасын аукционго коюп сатуу жана жаңы кызматтык унаа сатып алуу жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн балансындагы жеңил авто унаанын колдонуу мөөнөтүү бүткөндүгүнө, эскилиги жеткендигине байланыштуу аны аукционго коюп сатуу жана жаңы кызматтык унаа сатып алуу маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн балансындагы кызматтык жеңил авто унаасынын
катталган № 40 00 ОА
модели ВАЗ 21074
чыгарылган жылы 2008-ж
кузовдун № ХТА 21074082716582
шассинин рамасынын № V=1568 см 3
кыймылдаткычтын № 9026784 түсү “ак”, жеңил унаанын колдонуу мөөнөтүү бүткөндүгүнө, эскилиги жеткендигине байланыштуу аны аукционго койуп сатууга жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2012-жылдан жогору чыгарылган “Hyudai Accent” үлгүсүндөгү 1,6 кубаттуулуктагы жаңы кызматтык авто унааны сатып алууга макулдук берилсин.
2. Кызматтык жеңил авто унааны аукционго коюп сатуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап, аны сатуу жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Абдиллажановага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|