Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-апрели №12/2
Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылында жайгашкан авто гаражды аукционго койуп сатуу жөнүндө
Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылында жайгашкан авто гаражды аукционго койуп сатуу жөнүндөгү маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды ишке ашыруу жана аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылында жайгашкан авто гаражды аукционго койуп сатуу маселеси Ак-Таш айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынына койулуп, тиешелүү чечим айыл тургундары тарабынан кабыл алынгандан кийин, Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын 2019-жылдын 17-апрелинде өтүүчү кезексиз сессиясында кайрадан каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|