Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2019-жылдын 12-июну №14/1
Ак-Таш айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо, калктуу конуш жерлеринин чек араларын тактоо боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жөнүндө
Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо, калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарын жана актысын карап чыгып, Ак-Таш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо, калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдары Кызыл-Кол участкасындагы 1979-жылга чейин Коммунизм колхозунун балансында турган жерлерди азыркы учурда мыйзамсыз Кызыл-Суу жана Жаны-Арык айыл өкмөттөр пайдаланып жаткан айыл чарба багытындагы жер аянттарын мыйзам чегинде кайтарып алуу маселесин эске алуу менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|