Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу №15/1
Ак-Таш айыл аймагындагы таза сууну пайдалануучулар үчүн бирдиктүү бааны бекитип берүү жөнүндө
Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагындагы таза сууну пайдалануучулар үчүн бирдиктүү бааны бекитип берүү маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып чыгып, талкууланып, Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну суу эсептегич менен (счетчик) пайдалануучулар үчүн бирдиктүү баа 1 (бир) куб таза суунун баасы 15 (он беш) сом экендиги белгиленип, бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|