Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу №15/2
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө бирдиктүү салык декларациясы боюнча түшкөн акча каражатын кароо менен жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин пландаштырылбаган киреше бөлүгүнө (киреше салыгына) 2019-жылдын 18-июнунда бирдиктүү салык декларациясы боюнча түшкөн акча каражатын кароо менен жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып чыгып, талкууланып, Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин пландаштырылбаган киреше бөлүгүнө (киреше салыгына) 2019-жылдын 18-июнунда бирдиктүү салык декларациясы боюнча түшкөн 4 276 200 сом акча каражатын кароо менен айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Ош-Кара-Суу жолунун боюна заманбап түнкү жарыктандырууну коюуга тармагы 70629 статья 3111, элементи 31111200 жалпы суммасы 3 897 200 сом, ошондой эле статья 2215, 22154900 элементинен 150 000 сом видео камера орнотууга, Жылкелди айылындагы Т.Алимбеков атындагы орто мектебин ремонттоого тармагы 70921 статья 2221 элементи 22211100 суммасы 200 000 сом, Кыргыз Республикасынын жаёы Мыйзамдарынын, Кодекстеринин китептерин сатып алууга тармагы 70111 статья 3112 элементи 31123290 суммасы 29 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жыл башында инвестицияларды тартууга бөлүнгөн тармагы 70629 статья 3111 элементи 31113290 суммасы 600,0 миң сом жана өзгөчө кырдаалдар үчүн бөлүнгөн тармагы 70629 статья 2215 элементи 22154900 суммасы 100,0 миң сом жалпысы 700,0 миң сом акча каражаты тармагы 70111 статьясы 3111 элементи 31111200 айыл өкмөтүнүн аппаратына (канторанын курулушу үчүн) бөлүнүп берилсин.
3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата болжолдуу планын 19 933,0 миё сомго, 2021-жылга карата болжолдуу планын 19 817,5 миё сомго, 2022-жылга карата болжолдуу планын 20 037,7 миё сомго жеткирүү жагы каралып, бекитилсин.
4. Тармагы 70111 статья 2221, 22211100 элементинен 1 300,0 миё сом акча каражаты тармагы 70111, статья 3111, 31111200 элементине жылдырып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Суу райондук башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|