Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-июлу №15/3
Ак-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан “Таиров Гапыр-Үрөн” комуналдык чарбасына тиешелүү жер аянттарына төлөнүүчү бааларды бекитүү жөнүндө
Ак-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан “Таиров Гапыр-Үрөн” комуналдык чарбасына тиешелүү жер аянттарына төлөнүүчү бааларды бекитип берүү жөнүндө жазган арызы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып чыгып, талкууланып, депутаттардын Ак-Таш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан “Таиров Гапыр-үрөн” комуналдык чарбасына тиешелүү жер аянттарына төлөнүүчү баалар төмөндөгүчө белгиленсин: кайра бөлүштүрүү фондундагы 15,0 гектар суулуу жер аянтынын 1 гектарына 5 000 (беш миң) сомдон, шарттуу суулуу 33,5 га жер аянтынын 1 гектарына 3 000 (үч миң) сомдон акча каражаты төлөнөрү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|