Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-октябры №16/1
Ак-Таш айыл аймагындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Ак-Таш айыл аймагындагы аты жок көчөлөргө ат коюу максатында айыл аймакта жашаган тургундардын чогулуштарынын протоколдорунун негизинде Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы аты жок беш көчөгө Ак-Таш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде төмөндөгүдөй аттар койулсун: Стадион-1 көчөсү Мамажанов Мамасалы, Стадион-2 көчөсү Шеркулов Розувай, 1-май көчөсү Жороев Өмүр, Мектеп көчөсү, Абдиллажанов Барат көчөсү, гараждагы Жаңы конуш көчөсү Бакыев Жакып деп аталсын.
2. Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургундарынын тургундардын жалпы чогулушунун протоколдорунун негизинде аты жок эки көчөгө төмөндөгүдөй аттар коюулсун: Саруулар көчөсү Аматов Мавлян, Ленин участкасындагы эски малкананын ордундагы көчөсү Эгемкулов Мити деп аталсын.
3. Жаңы ат койулган көчөлөрдү Ак-Таш айыл аймагынын картасына киргизүү жана белгилөө иштери Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|