Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-октябры №16/2
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселеси Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында каралып чыгып, талкууланып, Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар бакчаларына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взностун көлөмү жогорулагандыгына байланыштуу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги киреше бөлүгүнүн атайын счетунан (14232400 элементинен), чыгаша бөлүгүнө тармагы 70911, 2218 статьясына 250,0 миң (эки жүз элүү миң ) сом кошумча планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|