Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры №17/2
КР Өкмөтүнө караштуу калкты мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти тарабынан келишимдин негизинде ыйгарым укуктарын Ак-Таш айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу калкты мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти тарабынан келишимдин негизинде ыйгарым укуктарын Ак-Таш айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү менен берилген ыйгарым укуктарды аткаруу максатында калкты мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо иштери боюнча адисине бир штаттык бирдик бөлүп берүү маселеси каралып жана угулуп, талкууланып Ак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу калкты мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти тарабынан келишимдин негизинде ыйгарым укуктарын Ак-Таш айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү менен, берилген ыйгарым укуктарды аткаруу максатында калкты мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо иштери боюнча адисине бир штаттык бирдик бөлүнүп берилсин жана жумушка кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Доорановго милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Акимов |
|