Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-сентябры №21-1
Ош-Баткен авто жолунун Ак-терек айылындагы участкасынын 1120 метр аралыгына жарыктандыруу орнотуу тууралуу.
Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Ош-Баткен авто жолунун 1120 метр аралыгына жарыктандыруу коюуу тууралуу. Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” жарлыгын аткарууга алуу тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 03-сентябрындагы № 1-10/1413 сандуу каты тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Ош-Баткен трассасынын 1 км 120 метр аралыкка жарыктандыруу коюууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгы, көрсөтүлгөн участкада айыл өкмөтүнүн калктуу конушу жайгашпагандыгы жана ошондой эле бул жер айыл өкмөтүнүн балансасында турбагандыктан акча каражатын кароо жагы мыйзам талаптарына туура келбестиги эске алынсын.
2. Ош-Баткен автожолу эл аралык маанидеги жол экендигин эске алуу менен Республикалык бюджеттен жана башка тармактардан каражат табуу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдибает уулу М. |
|