Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-сентябры №21-2
Шаңкол айылынын тургуну Бакиров Замирбектин арызы тууралуу.
Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Бакиров Замирбектин Ак-терек айылындагы жолдун боюуна АЗС куруу боюнча алган жеринин токтомуна кошумча тамактануучу жай жана авто ремонттоочу кичи ишкана салууга уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Бакиров Замирбектин Ак-терек айылындагы жолдун боюна АЗС куруу үчүн алган жерине кошумча тамактануучу жана автоунаа оңдоочу жайларды курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдибает уулу М. |
|