Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №22-3
Айыл аймактык ҮБДТнун жанындагы бош турган имаратты Ноокат аймактык ооруканасына убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу.
Айыл аймактык № 9-ҮБДТнун жанында жайгашкан бош турган эки кабаттуу имаратты Ноокат аймактык ооруканасына убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу.элдин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактык №9-ҮБДТнун жанында жайгашкан бош турган эки кабаттуу имаратты Ноокат аймактык ооруканасына убактылуу пайдаланып турууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдибает уулу М. |
|