Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №22-4
МЕРСИКО тарабынан берилген эмеректерди айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу.
Айыл аймагындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин ашканасына МЕРСИКО уюму тарабынан берилген ашкана эмеректерин айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин ашканасына МЕРСИКО уюму тарабынан берилген ашкана эмеректери айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп, эмеректердин баланстык баасы эсептелип, тиешелүү иш кагаздарын даярдап баланска алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдибает уулу М. |
|