Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-сентябры №85
“Кош каржылоого акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Бакировдун Финансы Министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого айыл өкмөтү тарабынан берилген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кош каржылоого акча каражатын бөлүү, “№ 1 АОМ жыгач терезе блокторун ПВХ блокторуна алмаштыруу” долбоорунун суммасы – 4500,0 миң сом, кош каржылоо суммасы – 1500,00 миң сом, б.а. 33,3%ды түзөөрү жөнүндө докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
Токтом кылды:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоочу конкурска берилген 4500,0 миң сом суммасындагы “№ 1 АОМ жыгач терезе блокторун ПВХ блокторуна алмаштыруу” долбоору бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н.Б. Джумагуловага 2020-жылдын бюджетин түзүүдө “№ 1 АОМ жыгач терезе блокторун ПВХ блокторуна алмаштыруу” долбооруна кош каржылоого 1500,0 миң сом суммасында акча каражатын бөлүүнү караштырсын.
3. Бул токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы А.И.Бакировго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Дунганов С.У. |
|