Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-сентябры №86
“Кош каржылоого акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Бакировдун Финансы министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого айыл өкмөтү тарабынан берилген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кош каржылоого акча каражатын бөлүү, “№ 4 АОМ ачык аянттарын оңдоо” долбоорунун наркы-2000,0 миң сом, кош каржылоо суммасы – 600,0 миң сом, б.а. -30 %ды түзөөрү жөнүндө докладын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
Токтом кылды:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо конкурска берилген 2000,0 миң сом суммасындагы “№4 АОМ ачык аянттарын оңдоо долбоору бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н.Б.Джумагуловага 2020-жылдын бюджетин түзүүдө “№4 АОМ ачык аянттарын оңдоо” долбооруна кош каржылоого 600,0 миң сом суммасында акча каражатынбөлүүнү караштырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Бакировго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Дунганов С.У. |
|