Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-сентябры №87
“Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долюоорлор сынагына катышуу жөнүндө”
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо үчүн долбоордук табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгына байланыштуу, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча максаттуу багыттагы башка иш чараларды ишке ашыруу максатында, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
Токтом кылды:
1. Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоорлор конкурсуна жиберилген 1280,1 миң сом суммасындагы “Көчөнү жарыктандыруу” долбоору бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н.Б. Джумагуловага 2020-жылдын бюджетин түзүүдө “Көчөнү жарыктандыруу” долбоору боюнча 39% кош каржылоого 500,0 миң сом суммасындагы акча каражатын бөлүүнү караштырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.И. Бакировго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Дунганов С.У. |
|