Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-сентябры №88
“Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоорлор сынагына катышуу жөнүндө”
Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо үчүн долбоордук табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгына байланыштуу, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча максаттуу багыттагы башка иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Биринчи Май айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат
1. Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун долбоорлор конкурсуна жиберилген 4500,0 миң сом суммасындагы “№ 4 АОМ жыгач терезе блокторун ПВХ блокторуна алмаштыруу” долбоору бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н.Б.Джумагуловага 2020-жылдын бюджетин түзүүдө “№4 АОМ жыгач терезе блокторун ПВХ блокторуна алмаштыруу долбоору боюнча 22,2% кош каржылоого 1000,0 миң сом суммасындагы акча каражатын бөлүүнү караштырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Бакировго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Дунганов С.У. |
|