Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты №89/ХIII-27
2019-жылдын башындагы бюджеттик каражаттын эркин калдыгынын эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаардык мэриясынын 2019-жылдын 19-мартындагы №01-14/186- бюджеттик каражаттын эркин калдыгынын эсебинен төмөнкү обьекттердин курулушу жана 2019-жылга мерчемделген иш-чараларга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2019-жылдын башындагы бюджеттин эркин калдыгынын эсебинен 57666,8 (элүү жети миллион алты жүз алтымыш алты сегиз жүз) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын төмөнкү жасала турган иштерге бөлсүн:
- Балдарга жалпы билим берүү мекемелерине жабдыктарды алууга 2200,0 (эки миллион эки жүз миң) сом;
- интерактивдик такталарды алууга 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом;
- бургулоо үчүн жабдыктардлы алууга 600,0 (алты жүз миң) сом;
- Кант шаарынын мэриясынын имаратын оңдоо иштерине 100,0 (жүз миң) сом;
- Балдарга билим берүү борборунун имаратын оңдоо иштерине 1652,0 (бир миллион алты жүз элүү эки миң) сом;
- №4-КМГнын кошумча курулушуна (башталгыч мектеп) 20000,0 (жыйырма миллион) сом;
- №4-КМГна чубалгы тартууга 1100,0 (бир миллион бир жүз миң) сом;
- кошумча төлөм чыгымдары 5035,3 (беш миллион отуз беш миң уч жүз) сом;
- шаар ичиндеги жолдорду оңдоо:
- шагыл-таш аралашмасын себүү (2018-жыл) 1600,0 (бир миллион алты жүз миң) сом;
- топурак-кум аралашмасын себүү 1650,0 (бир миллион алты жүз элүү миң) сом;
- шагыл аралашмасын төгүү 5000,0 (беш миллион) сом;
- аң-тешиктерди жамоо 5000,0 (беш миллион) сом;
- жалпы асфальттоо 8381,5 (сегиз миллион үч жүз сексен бир миң элүү) сом;
- көрктөндүрүү иштерине 4148,0 (төрт миллион) сом;
2. Бул токтомду катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылыш жөнүндөгү 2019-жылдын 10-октябрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (М.К.Коджакматов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |
|