Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну №93/XIV-27
Кант шаарынын мэриясынын маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү жөнүндө
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын «Кант шаарынын мэриясынын маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү жөнүндө» маалыматын карап чыгып Кант шаарынын мэриясында маданият тармагында белгиленген иштер жасалууда.
А.Тойтоев атындагы маданият сарайында 17 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 8 кызматкер жогорку жана орто атайын билимдүү чыгармачыл категорияга кирет. Алардын алтоо «Маданияттын мыктысы» төш белгисинин ээси, 9 кызматкер техникалык тейлөөчү персонал. Имаратты жана материалдык баалуулуктарды кайтарууну коопсуздук фирмаларынын кызматкерлери (2 киши) Кант шаарынын мэриясы менен эмгек келишими боюнча аткарышат (түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү-күнү-түнү).
Маданият сарайынын дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант ш., 2-к/р.
Уюшулуу-укуктук формасы боюнча маданият сарайы мекеме жана муниципалдык менчик болуп саналат. Негизги бардык иштер маданият сарайынын имаратына ылайыкталган.
Маданият сарайынын түзүүчүсү Кант шаарынын мэриясы болуп эсептелет, 2011-жылдын 29-декабрында катталган. Көрүүчү зал 460 орундуу.
Маданият сарайынын башкы милдети шаар калкынын социалдык-маданий талабын канааттандыруу, маданий иштерди жүргүзүүдө мекемелерге усулдук жана тажрыйбалык жардам көрсөтүү, эмгек жамаатынын көркөмдүк өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана сактоо, кызыкчылык боюнча сүйүүчүлөрдү бириктирүү.
Көрсөтүлгөн милдеттерге ылайык А.Тойтоев атындагы маданият сарайы ийримдерди, студияларды, сүйүүчүлөр бирикмелерин уюштурууну ишке ашырат.
Лекцияларды, кеңешберүүлөрдү, тематикалык майрамдарды, бет ачаар, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрөт.
А.Тойтоев атындагы маданият сарайы Чүй областынын эң мыкты маданият мекемеси кароо-сынагынын бир нече жолку жеңүүчүсү, райондук, облустук деңгээлдеги, ошондой эле ишкана жана менчик уюмдардын көптөгөн Ардак грамота, Ыраазычылык каттарынын ээси.
Учурда МСда көркөм өз ара ишмердүүлүк боюнча жалпысынан 600 кишини камтыган 8 ийрим (балдар жана чоңдор ийримдери) бар. Бул Чабан Олеся Михайловна. Подлесная Татьяна Вячеславовна жетектеген «Ровесник», «Вдохновение», «Этуаль» (300 киши) хореографиялык искусство боюнча 3 ийрим. Бийчилер жамааты шаардын гана эмес райондун, облустун визиттик карточкасы болуп саналат. Бир дагы иш-чара бул жамааттын катышуусусуз өтпөйт. Кубануу менен белгилеп кете турган нерсе, бул бий жамааттары ар кандай эл аралык, шаардык, райондук, облустук «Танцуюшая столица», Орто Азия өлкөлөрүнүн «Бийчи жылдыздар» бий олимпиадасына, «Сары Өзөн чолпондору», «Новая звезда» бий сынактарына катышып келишет. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, алар дайыма 1 жана 2-байгелүү орундарды ээлешет, ал эми 2019-жылдын май айында өткөн «Новая звезда» сынагында 9 байгелүү орунга ээ болушту.
Камчыбек Мамбеталиев жетектеген «Андашбек тобу» фольклордук тобу республикалык «Санжыра», «Сармерден» республикалык сынактарында бир нече ирет жеңүүчү болгон, кыргыз режиссерлорунун тасмаларына жигердүү катышышышат. 18 адамдан турган «Андашбек тобу» тобу шаардын, райондун, облустун бардык иш-чараларына-Кырчын жайлоосунда өткөн «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына», Суусамыр жайлоосундагы малчылардын слетуна, Төмөнкү Серафимовка карылар үй-интернатында өткөн кайрымдуулук иш-чарасына ж.б. катышат. «Андашбек тобу» тобунун сыймыгы искусство жана маданият жогорку окуужайына тапшырып ийгиликтүү окуп жана бардык иш-чара, кароо-сынактарга катышып келген Улан Асеков болуп эсептелет.
2 кыргыз жана орус тилиндеги алып баруучулардын мектеби «Возрождение» ийримине 20 адам катышат. Жетекчиси Раева Зульфия Акыновна. «Возрождение» тобу-бул 21-кылымдын мобилдүү, ынтымактуу, бирдиктүү командадагы балдар-кыздардан турган топ. Бирок бул топко катышуунун эң башкы кызыкчылыгы-Улуу Манас эпосу, башка тарыхый инсандар, өз өлкөсүнүн тарыхы менен жакындан таанышуу жана кыргыз тилинде эркин баарлашуу болуп эсептелет. Баса белглиеп кетүүчү нерсе-орус тилдүү топ «Манас» эпосунан үзүндү гана айтпастан окуп, ырдап, теарлаштырылган оюндарга катышат, алар МСда өткөн иш-чаралардын алмаштырылгыс алып баруучулары. Райондун турмушуна жигердүү катышышып (маданият кызматкерлеринин республикалык семинары, Энелер күнү, мамлекеттик тил майрамы ж.б.). Балдар алдыга умтулуп, бири-бири менен пикир алышат. Алар ар башка мектепте билим алышат, 4төн 17 жашка чейинки балдар. Ийримден көптү үйрөнгөн аларды кыргыз тилин окуу жана жетекчисинин сабаттуу билим берүүсү өзүнө тартат.
Пашенко Лия Валерьевна жетектеген «Авангард» балдар вокалдык тобу. Ийримге 12 адам катышат. Вокалдык топ МСда өткөрүлгөн бардык иш-чараларга жигердүү катышат.
Руденко Евгений жетектеген «Шанс» цирк студиясы. Ийримге 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар-кыздар катышат. Балдар ар түрдүү цирк жанрлары-гимнастика, эквилибрж.б. таанышышат. Жалпы 20 киши катышат.
Пашенко Лия Валерьевна жетектеген «Смайл-шоу» театрладык ийрими. 15 адам катышат. Балдар МСда, шаарда, райондо өткөн ар түрлүү иш-чараларга жигердүү катышышат. Аларсыз бир дагы жаңы жылдык балаты, балдарды коргоо күнү ж.б. майрамдар өтпөйт.
Маданият сарайынын иши жылдык келечектүү жана айлык планга ылайык системалуу ишке ашат. Пландалбаган райондук, облустук, республикалык масштабдагы көптөгөн иш-чаралар МСда өткөрүлөөрүн отчеттук статистика күбөлөндүрөт. Булар-балдардын жаңы жылдык майрамы, акимдин балатысы, мугалимдердин конференциясы, жаштар форуму, маданият кызматкерлеринин семинары, ар кандай кароо-сынактар ж.б.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын «Кант шаарынын мэриясынын маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясына жана маданият мекемелеринин жетекчилерине:
- оор турмуштук абалдагы жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды камтуу максатында акысыз ийримдердин санын көбөйтүү;
- бардык иш-чараларга катышу жана Кант шаарынын жашоочуларынын арасында маданиятты өнүктүрүү;
- чыгармачыл жамааттарды түзүү жана колдоо, кароо-сынактарды өткөрүү ж.б. жолдор менен Кант шаарынын калкын маданияттык тейлөө сапатын жогорулатуу;
- улуттук каада-салттарды өнүктрүү жана калыбына келтирүү, улуттук майрамдарды жана иш-чараларды өткөрүү;
- таланттуу, жөндөмдүү инсандарды, элдик чыгармачылыктын чеберлерин колдоо жана кызыктыруу;
- жетекчиликтин, маданий бош мекемелердин жана уюмдардын тескөөсүн КРнын мыйзамдуулугуна ылайык талдоо боюнча ишти күчөтүү.
2. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине 2019-жылдын 10-октябрынан кечиктирилбей маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо туруктуу комиссиясына (У.А.Кадыров) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |
|