Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июнь №94/XIV-27
Кант шаарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча иштердин абалы жөнүндө
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып жана Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча иштердин абалы жөнүндө» маалыматын иликтегенде жасалган иштер байкалат.
Мектеп окуучулары арасында дене тарбия жана спорту өнүктүрүү боюнча райондогу мектептик эмес мекеме Кант балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби болуп саналат (БӨСМ).
Ал 1932-жылы курулган имаратта жайгашкан. Имарат самандан, Кант шаардык мэриясынын менчиги болуп эсептелет. Мындан тышкары 3-к/р жаңы спорткомплекс, спорттук аянтча бар. Спорттук залдар (бокс, жеңил атлетика, оор атлетика жана ДМЧБ үчүн машыгуу залдары) стандартка ылайык келбеген имарат болуп саналат. Залга саатына 15тен 30 га чейин адам кирүүгө ылайыктуу. Зал жакшы абалда. Ар бир залда нымдуу тазалоо жүргүзүлүп турат. ушул максатта БӨСМ штатында 2 кызматтык жайларды тазалагыч каралган. БӨСМнин имаратыны көмүр менен жылыган №5-Кант мектебинин от казандарына кошулган, кышкысын жылуу режими (14-16 градус) кармалат. Жеке гигиенаны сактоо максатында залда эки душтук бөлмө бар. Бош жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрүн кайрадан жүргүзүүгө имарат жок. Жыл сайын бардык окуучулар ,машыктыруучу-окутуучулар жана башка жерде да иштеген машыктыруучулар профилактикалык медкароодон өтүшөт.
Сандуу жана сапаттуу машыктыруучулардын курамы
Сандуу машыктыруучу-окутуучулардын курамын 21 адам түзөт. Алардын ичинен: 1директор, 1 директордун орун басары, 14 штаттык машыктыруучулар жана 5 башка жерде да эмгектенгендер. Сапаттуу курамы: 18 машыктыруучу-окутуучулар жогорку дене тарбия билимине ээ, 2 жогорку педагогикалык жана 1 бүтпөгөн жогорку билимдүү. 1 машыктыруучу «КРнын эмгек сиңирген ишмери», 1 «КРнын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери», жана «СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу», 2 «КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу», 5 «КР билим берүүнүн мыктысы», 6 «Дене тарбиянын мыктысы»,6 машыктыруучу «СССРдин спорт чебери» жана 4 «КРнын спорт чебери». БӨСМ 2018-2019-окуу жылдарында кадрлар менен толукталган. Акыркы 16 жылда КР спорттун түрлөрү боюнча машыктыруучу-окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлгөн эмес. Ошондуктан машыктыруучу-окутуучулар мындай курстардын өтүлүшүнө муктаж. Педагогикалык кадрларга болгон мамиледе бардык мыйзам ченемдери сакталат (тарификациянын негизинде маяна чегерүү, социалдык төлөм, сый акы менен сыйлоо, квалификациялык категорияларды берүү ж.б.).
Окуу топторунун сапаттык курамы
Топтор спорттун түрлөрү, окуу жылдары менен комплектелген: бокс-11топ,жеңил атлетика-4топ, күрөш-22 топ, спорт оюндары-3 топ, оор атлетика-3 топ, улуттук түрлөрү-2 топ. Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү-3. Окуу жылында 48 окуу тобу 556 окуучуну камтыйт.
Бардык окуу докмунттери «БӨСМ жөнүндө Жобонун» негизинде жүргүзүлөт.
БӨСМнин спорттук залдары ылайыкташкан имаратта жайгашкан, ал зарыл болгон бардык спорттук шайман, жабдыктар менен жабдылган. Бийикке секирүү маттары, күрөш килеми, ринг, бокстук каптар, машыгуу залы 14 машыгуу жабдыктары менен, чуркоо долчолору, чуркоо тоскоолдуктары, штанга, гира, швед дубалдары бар.
Спорттук иштер
Мектептин машыктыруучу жамаатынын ишинин негизги багыты спорт менен ары карай алектене турган окуучуларды сапаттуу издештирүү жана чогултууга бөлүнөт, аларды дене тарбиясы менен алектенүүгө үйрөтүү, КР курама командасы үчүн спорттук резервин даярдоо, алар менен «Спорт чебери» наамын толуктоо.
Машыктыруучулардын ишиндеги эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири спорттук мелдештерге катышу болуп саналат. Спорттук иш-чаралардын календарлык планын негизинде 2019-жылдын 5 айында БӨСМ 30 га жакын спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышты:
1.Бокс 4 мелдешке катышты
Республикалык турнир СДЮШОР Каракол ш. 14-17.02. 2019-жыл;
Чүй облусунун тандоо 4-7.03. Кара-Балта ш.;
«Солто» КБнин байгесине эл аралык турнир 17-21. 04. Кара-Балта ш.;
«Келечек» Чүй обл. спорт оюндары 20-25. 04 Токмок ш.
2. Жеңил атлетика 6 мелдеш
С.Джуманазаров атындагы СДЮШОР биринчилиги 17-19. 01 Бишкек ш.;
Имараттагы КР чемпионаттыгы 24-25. 01. Бишкек ш.;
С.Джуманазаров атындагы СДЮШОР биринчилиги 23-24. 04 Бишкек ш.;
«Келечек» Чүй обл. спорт оюндары 21-22. 04 Кара-Балта ш.;
Кант БӨСМнин биринчилиги 3-4 04. Кант ш.;
«Келечек» республикалык спорт оюндары 14-20 04. Жалал-Абад ш.
1.Эркин күрөш 7 мелдеш
КР чемпионаттыгы 8-10 01. Бишкек ш.;
М.Курманалиевдин элесине арналган эл аралык турнир 24-26 01. Кара-Балта ш.;
грек-рим,эркин,аялдар күрөшү боюнча эл аралык турнир 1-3. 02. Бишкек ш.;
Межд.турнир на приз «Шумкар» СКбайгесине эл аралык турнир Токмок ш.;
КРнын жаштар арасындагы чемпионаттыгы 3-5. 05. Бишкек ш.;
В.Жапаралиевдин элесине арналган эл аралык турнир 11-13. 05. Кара-Балта ш.;
«Келечек»Чүй обл.турнири 17-18 04 Сайлык а.
2.Оор атлетика 3 мелдеш
Чүй обл.биринчилиги Токмо кш.;
Ш.Сыдыковатындагы РУОР биринчилиги 3-4. 05. Бишкек ш.;
«Келечек»Чүй обл.турнири 19-20. 04 Токмок ш.
5. ДМЧА паратлеттери 3 мелдеш
Кант БӨСМнин Армрестлинг жана Паурлифтингус боюнча биринчилиги 28-29.02. БӨСМ Кант ш.;
Армрестлинг боюнча КР чемпионаттыгы 4-6. 03. Каракол ш.;
Армрестлинг боюнча Азия чемпионаттыгы 7-10 июня Чолпон-Ата ш.
Өспүрүмдөр арасындагы КР биринчилигинде эркин күрөш боюнча Иманбердиев Дастан орунга ээ болуп КМС нормативин тапшырды.
Кант БӨСМнин тарбиялануучулары Чүй областынын курама командасынын курамында Жалал-Абад шаарында республикалык өспүрүмдөр оюндарына катышып жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту. Жеңил атлеттер С.Мамедова, Е.Брюховецкая 1-орунду ээлешсе, А.Айткулов дзюдодон 1-орунду, Ү.Пайшенов эркин күрөштөн 2-орунга жетишишти.
Беш ай ичинде 2 «КРнын спорт чебери» даярдалды: К.Шаршенбеков – эркин күрөш жана М.Джумакадырова – таэквандо.
10 спорт чеберине талапкерлер, анын ичинен: 8 күрөш, 1- бокс, 1таэквандо.
Райондук спорттук-майрамдык иш-чаралар- «Нооруз» майрамы, 6-апрель дене тарбиячынын күнү,9-май Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы, салттуу жазгы кросс окуучулардын, жаштардын жана бардык каалоолардын катышуусунда.
Жогорудагылардын негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча иштердин абалы жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаардык мериясына сунушталат:
- өсүп келе жаткан муунду спорттук ийримдерге тартуу улантылсын;
- балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине жана Кант шаарындагы жалпы билим берүү мекемелерине жаңы оку-методикалык материалдарды алууга мүмкүнчүлүк берилсин;
- өсүп келе жаткан муундун арасында сергек жашоо образынын дараметин көтөрүү боюнча иштер күчөтүлсүн..
3. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине 2019-жылдын 10-октябрынан кечиктирилбей маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо туруктуу комиссиясына (У.А.Кадыров) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |
|