Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну №95/XIV-27
“Кант-Тазалык” ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын “Кант-Тазалык” муниципалдык мекемесинин ишмердиги жөнүндө” маалыматын карап чыгып “Кант-Тазалык” мекемеси Юстиция министрлигинен 02.12.2009-ж. өтүп, 2010-жылы түзүлгөн.Ишкана макулдашылган Уставдын негизинде мэриянын алдындагы мекеме болуп эсептелет. Өзүнүн чарбачылык ишмердүүлүгүндө “Кант-Тазалык” мекемеси уставдын менен иш алып барып, Кант шаарынын бюджетинен каржыланат.
Мекеме Кант шаарынын мэриясы тарабынан бекитилип берилген каржылоо лимити жана иштелип чыккан пландардын негизинде каржы-экономикалык жана чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзөт.Мындан тышкары “Кант-Тазалык” мекеменин Уставында каралган жумуштун түрлөрү менен башка чарбалык субьекттер жана жеке жактар менен келишимдик негизде каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзө алат.
“Кант-Тазалык” мекемесинин негизги ишмердүүлүгү болуп көчөлөрдү тазалоо, таштандыларды чыгаруу, аймакты жакшыртуу жана жашылдандыруу болуп эсептелет.
2019-жылдын январь айынан тартып 2019-жылдын май айына чейинки отчеттук учурда төмөнкү иштер жасалды:
- Бекитилген графикке ылайык шаардын негизги көчөлөрүндө (Ленин, Гагарин, Панфилов, Абдраимов, Куренкеев, Октябрь, Пушкин, М.Горький ж.б.) күн сайын тазалоо иштерин жүргүзүү. Борбордук “Жеңиш паркынын” жана ага тиешелүү аймактарды күн сайын тазалап жыйноо;
- Тагаев, Октябрдын 50 жылдыгы. Абыш Чекиров, Сакебаев көч.1320м3 аянттагы 24 чоң жана башаламан таштандылар жок кылынды.
1. Факт боюнча Куренкеев, Ленин, Гагарин, Панфилов, Молодежная, Жакыпов, Л.Толстой, Жеңиш паркынын шам чырактарын оңдоо, алмаштыруу иштери жүргүзүлдү, Көчөжарыктарын оңдоо жана алмаштыруу боюнча 125 д. шамчырак, 78. электрэсептегич, 3 фазалуу эсептегичтер, 40-А магниттик кое бергичи-45, 25-А 38 д. жана 25-А 37 д.
2. Жаз мезгилинде бактардын көчөттөрү жана гүлдөр отургузуу иштери жүргүзүлдү. 300 түп терек, 100 кара жыгач, 15 арча, 10 түп сосна, 200 сирень отургузулду. Бактар акталды. Шаардын борборуна, “Жеңиш” паркына 300 роза гүлү отургузулуп, ошондой эле шаардык мекемелерге жана шаар тургундарына бактын, бадалдын көчөттөрү таратылып берилген. Шаарды жашылдандырууга 162 миң сомго гүлдөр сатылып алынган. Мекмелерде аталган өсүмдүктөрдү күн сайын сугаруу жүргүзүлүп турат.
3. Дачная, Ленин көчөлөрүндөгү ДККлар колго тазаланып, суунун агып өтүүсүнө тоскоолдук жараткан бактар кыйылды.
Ишкана калкка жана райондук мекемелерге булганычтарды тазалоого, бала бакчалардагы казылган аңдарды сордуруу жана тазалоого, бактарды кыюуга жардам берип, аза кызматын (көр казуу, жакындары жокторду көмүү, өлгөндөрдү каттоо) көрсөтүшөт. Отчеттук мезгилде 43 адам каза болду, анын ичинен 2 адамдын туугандары жок.
“Кант-Тазалык” мекемесинде тазалык иштерин жүргүзүү үчүн үч контейнеровоз, бир самосвал, сордуруучу унаа, жүктөөчү экскаватор, мунара, суу ташуучу жана “Жай-кыш” айкалышкан унаа бар. Ишкананын эмгек жамааты 67 адамды түзөт.
2019-жылдын 5 айында чогулган каражаттын көлөмү 1 674 569,44 миң сомду түздү, ошол эле учурда калктын төлөмү 996 000 миң сом, мекемелердики 678569,44 миң сом. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 524 455,44 сомго жогору.
Жалпысынан отчеттук мезгилде 7149м3 таштанды чыгарылган. “Кант-Тазалык” мекемеси 2038 жеке тармактагы үйлөрдүн жашоочуларын, 1-2-3-кичирайондун калкын, МИСтин борбордук короо-жайы, Сахзавод аймагы, Молодежный, спорт комплекси, жалпысынан 21 миң абонентти тейлейт. Таштандыларды жыйноого 345 даана контейнер жайгаштырылган, анын ичинен 150 контейнер жаңы коюлган.
Шаарда жайгашкан ишкана, уюм жана ЖИлар таштандыларды чыгарууда түзүлгөн келишимдин негизинде тейленет. Жалпысынан 90 мекеме жана ЖИ тейлөөдө турат.
Муниципалдык мекемелерден (мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекси) 474 м3 23 каттам таштандылар чыгарылган. Мэрияныкы (парк, табигый таштандылар) 1023м3.
Жалпысынан бюджеттин эсебинен 149747м3 чыгарылган. Жалпысынан Кант шаарынан 7149м3 таштанды чыгарылды.
«Кант-Тазалык» мекемеси чыгарылган таштандыларды Гагарин айылындагы санкцияланган таштандыга алып барат.
Бюджет : чогултулду 1674 596,44 миң сом, анын ичинен калктыкы-996 000 миң сом, мекемелердики-678569,44 миң сом.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын «Кант-Тазалык» муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- «Кант-Тазалык» ММнин ишин жана ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн катуу чара кабыл алсын;
- «Кант-Тазалык» ММнин Кант шаарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча негизги иш-чараларынын планын аткарууну камсыздасын;
- Кант шаарын санитардык тазалоо жана катуу жана турмуш-тиричилик калдыктарын өз учурунда чыгарууга туруктуу мониторинг жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча Кант шаардык кеңешине 2019-жылдын 10-октябрынан кечиктирилбей маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |
|