Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну №96/XIV-27
«Маркетинг-Сервис»ЖЧКнун калкты таза суу жана агын сууларды кабыл алууну камсыздоо боюнча ишинин абалы жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап, “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнун директору А.Т.Шеховцовдун «Маркетинг-Сервис»ЖЧКнун калкты таза суу жана агын сууларды кабыл алуу камсыздоо боюнча ишинин абалы жөнүндө» маалыматы менен таанышып, белгиленген иш байкалат.
«Маркетинг-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому муниципалдык мүлктү ижарага алуу келишиминин негизинде Кант шаарында чарбалык турмуш тиричилик багытында суу берүү жана агын суу боюнча шишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Суу менен жабдууну жакшыртуу, агын сууларды кабыл алуу жана тазалоо үчүн 2019-жылдын 1-январынан 31-мартына чейинки мезгилде «Маркетинг-Сервис» ЖЧКу өз каражатынан төмөнкү иштерди жүргүздү:
Күндөлүк оңдоо-жалпы 55 108 сом өлчөмүндө, анын ичинен:
Суу жабдыктары боюнча – 32 687сом.
Канализация боюнча –22 421сом.
Суу жабдыктарын жана суу бөлүп берүү системаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү – жалпы 118 767,50 сом.
2019-жылдын 3 айында ишкана бюджетке 670 284 сом өлчөмүндө бюджетке салык төлөгөн.
2019-жылдын 3 айында суу түтүктөрүндө 37 жыртылуу жана канализация тармагында 66 66 бүтөлүп калуу болгон.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнун директорунун «Маркетинг-Сервис»ЖЧКнун калкты таза суу жана агын сууларды кабыл алуу камсыздоо боюнча ишинин абалы жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. «Маркетинг-Сервис» ЖЧКна тапшырылсын:
- калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо максатында, канализация тармагындагы суу түтүктөрүн пайдалануу көзөмөлдөнүп, өз убагында профилактикалык текшерүү жана техникалык жабдууларды оңдоо жүргүзүлсүн;
- таза суунун сапатынын коопсуздугун камсыздоо үчүн суу жабдыктары жана канализацияны пайдалануу, агын сууларды тазалоодо техникалык талаптар бекем сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндөгү маалымат Кант шаардык кеңешине 2019-жылдын 10-октябрынан кечиктирилбей берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |
|