Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-июну №97/XIV-27
Кант шаарында чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча иштер жөнүндө
Ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып жана Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарында чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу жөнүндө” маалыматын талкуулап, Кант шаардык кеңеши белгиленген иштер жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
Кант шаарынын аймагындагы чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү төмөнкүчө сүрөттөлөт: бүгүнкү күндө Кант шаарынын аймагында 228 юридикалык жак (уюм, мекеме) бар, анын ичинен 14 ишкана негизги өөнөр жай, 171 чакан жана орто бизнес чөйрөсүнөн, ошону менен бирге чыгыш промзонада 41 обьект катталган.
Кант шаарында 448 жеке ишкерлер ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Чакан жана орто бизнестин обьектисин төмөнкүдөй образда көрсөтсө болот:
- оомдуктамактанууточкалары, кафе, ашкана - 39;
- тигүү цехи, ателье, бут кйимоңдоочужай – 25;
- СТО пункттары, вулканизация, автожуучужай – 47;
- күркөжанапавильондор – 171;
- дүкөн – 73;
- чач тарач, сулуулуксалондору – 19;
- дарыкана, стоматология – 37;
- чаканбазарлар – 6;
- май куюучужай – 2;
- УДИ, лабораториялар – 10;
- жарнактакталары - 19;
Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоо боюнча коюлган тапшырманы аткаруу максатында шаар жерлери ар кандай бизнестин обьектилерине аукцион жана сынактарды өткөрүү аркылу берилет. Бизнести өнүктүрүү үчүн турак үйлөрдү жана батирлерди коммерциялык обьект катары кайра профилдөө токтому берилет.
Бүгүнкү күндө 274 чакан жана орто бизнес обьектиси үчүн жерге ижара келишими бар, 2018-жылы 3194 кв.м. аянттагы 272.04 сом өлчөмүндөгү 40 обьектин келишими узартылган жана берилген. 2018-жылы өз алдынча коюп алганы жана убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу 6 күркө алынган. 2018-жылы мэриянын бюджетине 2200 миң сом түшкөн.
Чакан жана орто бизнестин обьектиси жана субьектиси боюнча маалымат базасы түзүлгөн, анда: аталышы, жетекчининаты-жөнү, телефону, ишмердүүлүгүнүн түрү жазылган.
Кант шаарынын мэриясы 583 кв.м. аянттагы бош имаратты 432753 сом ижара акысы менен ижарага берүүгө 13 келишимди бекиткен, 2018-жыл үчүн имараттын ижарасына карыздар жок, демек 432753 миң сом түшкөн. 2019-жылдын 5 айында ижара акысынан 139130 сом түшкөн.
Ошондой эле Кант шаарынын мэриясы тарабынан инвестиция тартуу боюнча иштер жасалып жатат.
Ленин к. №90-үйдө соода-өндүрүш имаратынын курулушу аяктады («Мээрим»СБ) жеке инвестиция 976,0 сомду түздү. 06.02.2019-ж. Ишке берилди.
Панфилов к. №67 дүкөн ачылды (ЖИ Браилкин В.В.), 1,0 млн. сом жеке каражатын жумшаган. Объект 11.02.2019-ж. ишке берилген.
Унаа майларын алмаштыруу пунктунун курулушу аяктады (ЖИ Мияров А.Б.). Чыгымдалган каражат 2,7 млн.сом. 2019-жылдын февраль айында ачылды.
Ленин к. №34-үйдөгү дүкөндү бала бакчакылып кайра профилдөө. Жеке каражаттан (ЖИ Туратов А.А.) 700,0 миң сом чыгымдалды.
Гагарин к. №58 металлконструкциядан 4 кабаттуу жатакананын имаратынын курулушу аяктады. Жеке салымы (Тентишев Э.С.) 20,300 млн. сомду түздү.
Эски имараттын ордуна жаңы администрациялык имараттын курулушу Гагарин к. №58. Баасы (Тентишев Э.С.) 81269,0 млн. Сомду түздү.
2015-жылдан бери Швейцария өкмөтү жана ЕБРР каржыланган «Кант шаарында суу камсыздоо системаларын ишке ашыруу» объектиси боюнча долбоорду ишке ашыруу жүрүп жатат.
Жалпы сумма: 5,1 млн. евро.
Насыянын өлчөмү: 1,5 млн. евро.
Гранттын өлчөмү: 3,6 млн. евро.
Эксплуатацияга берилди:
Лот №1 12.04.2019-ж. өлчөмү 21925,5 миң сом.
Лот №2 12.04.2019-ж. өлчөмү 16256,2 миң сом.
Башкы суу тосмосундагы жана кичи райондогу суу курулмасы 12.04.2019-ж. өлчөмү 23.955,7 миң сом.
Бүгүнкү күндө Кант шаарынын мэриясы сунуштаганга байланыштуу бош жер тилкелерин таратпайт жана айрым учурларда инвестиция тартуу жана жумушчу орунду түзүү максатында менчик бош жерлерге ээ жеке жактар, же туруп калган өндүрүш объекттери, цехтердин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле жергиликтүү ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, б.а. жер Кодексине ылайык кеңейтүүгө жана керектүү жабдыктарды коюуга жер тилкелерин берет. Кеңеш берүү кызматын көрсөтүп, мамлекеттик жана башка органдардан керектүү уруксат кагаздарын тоскоолдуксуз алууга жардам берет.
Жогорудагылардын негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарында чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу жөнүндө” маалыматы эске алынсын. Кант шаарынын мэриясына сунушталсын:
-тейлөө чөйрөсүндөгү бизнестин өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулсун;
-салыкты чогултуу жана аны бюджетке киргизүү өз учурунда жүргүзүлсүн;
-ишкерчиликти колдоо жана өнүктүрүү боюнча иштер улантылып, чакан жана орто бизнести ар тараптуу өнүктүрүүгө жардам берилсин;
-Кант шаарынын жашоо-турмуштук камсыздоо системасын жана объектерди көрктөндүрүү,реконструкциялоо долбоорлору боюнча жана артыкчылыктуу программаларды каржылоого инвестиция тартылсын;
-Кант шаарын 2019-2020-жылдары туруктуу өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында инвестиция тартылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат Кант шаардык кеңешине 2019-жылдын 10-октябрынан кечиктирилбей берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерчиликти өнүктүрүү инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу комиссиясына (Абинов Р.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шайлдабеков |
|