Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры №45/2
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусу жөнүндө.
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Султанбек уулу Саматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын Ак-Сай, Эки-Бала, Көк-Күмбөз жайлоолорундагы ванна, кыркым сарайдын ордулары жеке менчикке берилбесин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |
|