Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры №46/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 458-р Токтомунун негизинде Республикалык бюджетинен түрткү берүүчү грант катары бөлүнгөн 416,7 (төрт жүз он алты миң жети жүз) сомду бөлүштүрүү жөнүндө.
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрынын № 458-р токтомунун негизинде Республикалык бюджетинен түрткү берүүчү грант катары бөлүнгөн 416,7 (төрт жүз он алты миң жети жүз) сом акча каражаты Ак-Муз айылынын маданият үйүнүн айланасын тосуу үчүн бөлүнсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысыИса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |
|