Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-декабры №46/2
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 статьясындагы 2,5 (эки миллион беш жүз миң) сомдун ичинен үнөм болуп калган 100,0 (бир жүз миң) сом акча каражаты 2214 статьясына которуу жөнүндө.
Ак-Муз айыл аймагынын айыл окмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 статьясындагы 2,500 (эки миллион беш жүз миң) сомдун ичинен үнөм болуп калган 100,0 (бир жүз миң) сом акча каражаты 2214 статьясына которулсун;
2. 2214 статьясына которулган 100,0 (бир жүз миң) сом акча каражатынын 50,0 (элүү миң) сому кызматтык унаага запчас алууга, 50,0 (элүү миң) сому кызматтык машинага бензин алууга бөлүнсүн;
3. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысыИса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |
|