Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерди чечүү боюнча мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
3. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык жана талдоо жагынан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине жарандык жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, кыргыз жарандыгынын институтун өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча, ошондой эле ушул чөйрөдө келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды даярдоо.
4. Комиссиянын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу жөнүндө арыздарды алдын-ала кароо жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо; Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарынын колдонуу практикасын талдоо жана жалпылоо;
2) жарандык маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
3) жарандык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул маселелер боюнча эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн материалдарды даярдоого катышуу; Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу;
4) Комиссиянын иши жөнүндө ар жылда баяндама даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине берүү.
5. Комиссия өзүнүн негизги милдеттерин чечүү максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик бийлик органдарынан, ошондой эле мекемелерден, уюмдардан жана кызмат адамдарынан белгиленген тартипте зарыл болгон материалдарды суратууга жана алууга;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана аткаруу бийлик органдарынын маалыматтар банкы менен белгиленген тартипте колдонууга; Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарын ишке ашырууга тийиштүү кырдаалдарды аныктоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына кызмат адамдарын чакырууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө ишти тескөөчү ыйгарым укуктуу органдарга Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарын колдонуу тартибине тийиштүү сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү жөнөтүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
5) жарандык маселелер менен алектенген чет мамлекеттин органдары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө маселелер боюнча кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө.
6. Комиссиянын ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруу-усулдук, документациялык жана укуктук камсыз кылууну Комиссиянын катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү ишке ашырат.
7. Комиссия курамында Комиссиянын төрагасы жана сегиз мүчөсү болуп түзүлөт. Комиссиянын жооптуу катчысы Комиссиянын курамына кирет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штатында турат.
Комиссиянын төрагасы жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү анын ишине туруктуу негизде катышат.
9. Комиссия айына бир жолудан кем эмес жыйналыш өткөрөт. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмес мүчөлөрү катышса, ыйгарым укуктуу болуп саналат.
Комиссиянын жыйналыштарын Комиссиянын төрагасы алып барат, ал эми ал жок болгон учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары же Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири алып барат.
10. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда жыйналышта төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жыйналышка келген Комиссия мүчөлөрү кол коет.
Өзгөчө учурларда Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүн персоналдык сурамжылоо аркылуу чечим кабыл алууга жол берилет. Чечим протокол менен белгиленген тартипте таризделет.
11. Комиссия Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнгөн арыз берүүчүлөрдү Комиссиянын жыйналышына чакыра алат.
Комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар жана адистер чакырылышы мүмкүн.