Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык Кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
2019-жылдын 5-августу №54
«Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө»
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды натыйжалуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүң 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө Жобонун” жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин 2019-жылдын 29-июлунун №95 Буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүү жөнүндө Типтүү келишиминин тиркемесине ылайык бир штаттык бирдик бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы А.А.Жолдошовго милдеттерилсин.
Төрага | Э.Тайтекеев |
|